«24-март Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү»
Тогуз-Торо райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун №44 Санитардык көрсөтмөсүндө белгиленген тапшырмаларды жана талаптарды аткарууга алып, 2024-жылы чыккан №63-б буйругу “Район аймагында кургак учукка каршы күрөшүүнүн бир айлык өнөктүгүн жарыялоо жана 24-март Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүн белгилөө жөнүндө” жана ошондой эле “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөгү” мыйзамын жетекчиликке алып, иш чара түзүлдү.
Иш чаранын негизинде, 18-март 2024-жылы бала бакчанын мед айымы Султанбекова Айсулуу санитардык агартуу иштерин колго алып, кургак учук жөнүндө атайын видео ролик, брошюраларды даярдап, жалпы жамаатка жана ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, лекция өтүп берди. Андан сырткары ар бир топтун ата-энелеринин вотсап тайпаларына видео роликтер кетирилди.
27-мартта жогорку топтун тарбиячысы Абдыбекова Венера “Биз кургак учукту жеңебиз” атту көрсөтмөлүү тарбиялык саат өттү.
29-мартта 1-кенже топтун тарбиячысы Сүйүнбек кызы Жаннат жана 2-кенже топтун тарбиячысы Апешова Майрамкүл кургак учукка каршы “ 24-март кургак учукка каршы күрөшүүнүн күнү” атту дубал газета, буклеттерди чыгарып бурч уюштурушту.
1-апрель күнү орто топтун тарбиячысы Ташматова Акылай “Биз кургак учукка каршыбыз” деген темада балдарга түшүндүрүп тарбиялык саат өттү.
3-апрелде тарбиячылар Сүйүнбек кызы Салтанат жана Турсуналиева Алина “Биз кургак учукка каршыбыз” ураанынын негизинде бала бакчанын жамааты спорттук мелдеш оюндарын өткөрүштү.
Комментарии