Ата-энелер үчүн маалымат

Урматтуу ата-энелер!

Бала бакчанын иштөө убактысы 8:00дөн 18:00гө чейин.

Балдар 8:00дөн 8:30га чейин кабыл алынат. Кечигип калсаңыздар тарбиячыларга кабарлап  коюуңуз шарт.

Балаңызды тыкан кийинтип алып келип, тарбиячынын жеке өзүнө өткөрүп берүүңүздү суранабыз.

Балдарды мас адамдарга, чоочун адамдарга же жашы жете электерге берүүгө катуу тыюу салынат.

Баланын өнөкөт оорусу бар болсо жетекчиге, тарбиячыга эскертип айтууну унутпаңыз.

Жүйөөлү себептер жана арыз  менен бала айына 5 күндөн ашык эмес күн калууга мүмкүн.

Эгерде сиз балаңызды эртең мененки тамактан кийин алып келе турган болсоңуз, анда баланын жакшы тамактантып алып келиңиз.

Балаңыздын чөнтөгүндө учтуу, кесүүчү, тешип кетүүчү же майда нерселер, таттуулар жана сагыздар болбошун суранабыз.

Бала бакчага тамак-аш жана сууну өз алдынча алып келүүгө тыюу салынат.

Бала бакчага оюнчуктарды жана буюмдарды алып барбоо сунушталат. Тарбиячы алар үчүн жооп бербейт.

Бала бакча медициналык мекеме эмес, балага дары-дармек берүүгө болбойт.

Ооруган баланы бала бакчага алып келбөөнү суранабыз. Дароо тарбиячыңызга чалып, ооруну билдириңиз. Бала ооруп калгандан кийин, бала бакчага барууга уруксаты бар медициналык маалымкат талап кылынат.

Баланы бала бакчада кармоо үчүн төлөм ар бир айдын 10уна чейин төлөнүшү керектигин эскертебиз.

Сизден бардык жагынан үлгү болушуңуздарды, башка балдарга, алардын ата-энелерине жана мектепке чейинки уюмдун кызматкерлерине сылык мамиле жасооңуздарды суранабыз.

Биздин биргелешкен аракеттерибиз бала үчүн үй менен бала бакчанын ортосундагы эң жакшы “көпүрө” болуп калышы мүмкүн. Биз балдардын да, ата-энелердин да мектепке чейинки билим берүү уюмунда өздөрүн ыңгайлуу сезишине, ошондой эле ата-энелердин алардын тарбиялык иш-аракеттерин колдоодо ишенимдүүлүгүнө кепилдик берүүгө аракет кылабыз.

Биз, үй-бүлө, балдардын адеп-ахлактык, интеллектуалдык жана физикалык ден соолугунун негизи экенине ынандык. Демек, мектепке чейинки билим берүүнүн окуу-тарбия процессине ата-энелердин катышуусу – учурдун талабы, мектепке чейинки баланын ийгиликтүү өнүгүшүнүн милдети жана зарылчылыгы. Бул багытта биздин бала бакча ачык жана айкын иш-чараларды карманат. Биздин бала бакчада ата-энелер коомчулугун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын чакыруусу менен ачык иш-чараларды өткөрүү, коомчулук менен ачык диалог жүргүзүүгө даяр болуу салтка айланган.  Ата-энелер менен иш алып барууда биз ар кандай салттуу эмес формаларды – сурамжылоолорду, семинарларды, ачык эшик күндөрүн, биргелешип эс алууну, майрамдарды, көргөзмөлөргө, сынактарга, фото көргөзмөлөргө катышууну колдонобуз.