Биз жөнүндө

Бала бакчанын тарыхы

 

 

Эмблема

Биз жөнүндө

 

Жалал-Абад областынын, Тогуз-Торо районунун, Казарман айылындагы  Кунчубак мектепке чейинки билим берүү уюму.

  • Бакча жөнүндө жалпы маалымат. (жайгашкан айыл өкмөтү, айылы, почталык дареги, статусу, окутуу тили)

Күнчубак мектепке чейинки билим берүү уюму Казарман айылынын Каргалык айыл аймагынын Атантай-Тайлак атындагы  Нуржайык  кичи районунун № 28 жайгашкан. Почталык индекс 721500. Окутуу мамлекеттик тилде. Эл почта kunchubak1985@mail.ru

  • Тарбиячылар жөнүндө маалымат: (жалпы, билимдери, сыйлыктары, наамдары, жаңы келген адистер)

Азыркы убакта 10 тарбиячы, 1 музыкант эмгектенет. Булардын ичинен  6 жогорку, 1 бакалавр, 4 атайын орто билимдүү.

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги — 3,  Кыргыз Республикасынын билим берүү министрликтин  “Ардак грамотасы”  менен сыйланган — 6 тарбиячы.

Тейлөөчү кызматкерлерден 1 мед айым, 6 жардамчы тарбиячы,  3 ашпозчу, 1 чарба башчы, 1 кир жуугуч, 1 электрик, 1 жардамчы жумушчу, 2 кароолчу, 1 пол жуугуч  эмгектенет.

  • Балдар жөнүндө маалымат: (Жалпы балдардын саны)

Жалпы беш тайпада балдардын саны — 175.  Наристе топто 30,  1-кенже топто 35,   2-кенже топто  37, ортонку  топто 37, жогорку топто 36 бала тарбияланууда.

  • Материалдык – техникалык база: (качан курулган, типтүүлүгү, кабаттуулугу, проект боюнча канча балага ылайыкталган, иш жүзүндө канча бала тарбияланат, жылытуу системасы).

Бала бакча 1985-жылы курулган 6 тайпага ылайыкталган, типтүү, 2 (эки) кабаттан турат, учурда 5 тайпа бакчанын карамагында.  1 жетекчинин бөлмөсү, 5 тайпа, 1 музыкалык зал, 1 усулкана, 1 мед бөлмө, 1 кир жуучу бөлмө, 1 профсоюздун бөлмөсү, 1 кароолчу бөлмөсү,  ашкана жана азык түлүк сактоочу бөлмөсү менен. Бакча 175 балага ылайыкталган, бүгүнкү күндө 175 бала тарбияланат. Жылытуу системасы электро энергия менен.

  • Түзүлгөн шарттар: (музыкалык зал, спорт аянча, таза ичүүчү суу, компьютер, видео көзөмөл)

Бакчада музыкалык зал жана балдар ойноочу спорт аянча бар. Таза ичүүчү суу бар. Жалпы 2 компьютер, 1 жөнөкөй, 1 түстүү принтер бар. 6 видео көзөмөл бар жана интернет чубалгылары туташтырылган. Жогорудагы IТ тех каражаттар толугу менен оң абалында.

 

 

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета