Новости

2022-жылдын «Жылдын мыкты тарбиячысы 2022» кароо сынагынын Райондук баскычында Күнчубак мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Сүйүнбек кызы Жаннат III орунду багындырды. Ошол эле жылы, Республикалык масштабда, Мугалим илимий журналы тарабынан, онлайн  өткөрүлгөн «Мыкты тарбиячы 2022» кароо сынагында Ардак грамота жана Мугалим төш белгиси менен сыйланган.
27.06.2024 9
2024-жылдын 3-июндан КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө» долбоорунун алкагында уюштурулган МЧББУнын педагогикалык кесиптик компетенцияларын жогорулатуу боюнча тренинг болуп өттү. Тренингдин 1-группасы 3-7-июнга чейин, Келечек мектепке чейинки билим берүү уюмунда, ал эми 2-группа 10-14-июнга чейин Күнчубак мектепке чейинки билим берүү уюмдарында болуп өттү. 5 күндүк офлайн жандуу окуусу мыкты денгээлде болду. […]
26.06.2024 11
Бүгүн Күнчубак мектепке чейинки билим берүү уюмунда кошумча тайпа ачылды. Ага район акими Манас Мураталиев, Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Алтынбек Жарбашов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиев, Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Таалай Токтоболотов, ата-энелер жана мтарбиячылар катышты. Район акими Манас Мураталиев: «Райондо балдардын бала бакчага киргизүү үчүн күткөн кезегин жоюу […]
26.06.2024 17
Тогуз-Торо райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун №44 Санитардык көрсөтмөсүндө белгиленген тапшырмаларды жана талаптарды аткарууга алып, 2024-жылы чыккан №63-б буйругу “Район аймагында кургак учукка каршы күрөшүүнүн бир айлык өнөктүгүн жарыялоо жана 24-март Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүн белгилөө жөнүндө” жана ошондой эле “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөгү” мыйзамын жетекчиликке алып,  иш […]
26.06.2024 6
21-март күн менен тун теңелген, жаздын жарчысы-Нооруз майрамы. Нооруз-аруулуктун, тазалыктын, жанылануунун майрамы. Нооруз келди, тынчтык менен ыр менен, Жетелешип жазгы жумшак жел менен. Ырыскыны алып келип элиме, Кут төгүлүп, агып турат жергеме. Нооруз келди нурга бөлөм жаз айын, Биз күтөбүз ушул күндү жыл сайын. Таттуу уйкудан жаратылышы ойгонуп, Бүт айлана жанданууда күн сайын — деп […]
26.06.2024 7
       Күнчубак мектепке чейинки билим берүү уюмунда,  1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата, 30-майда жогорку топтун тарбиялануучуларынын, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын камтыган “Биз шамдагайбыз” аттуу спорттук эстафеталык мелдеш оюндары, 31-майда, 1-июнь — Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата, “Кош бол бакчам” аттуу майрамдык салтанат болду.  Бул майрамдык иш-чарада, ата-энелерге балдар өз өнөрлөрүн көрсөтүп, ыр, […]
26.06.2024 8
Райондук били берүү бөлүмүнүн 2024-жыл 29-февралындагы  №01-10-201 чыгыш катынын негизинде, 3-март Кыргыз мамлекетинин Туу күнүнө карата иш чара түзүлүп, ишке ашырылды. Жалпы бала бакчанын тарбиялануучуларына Кыргыз Мамлекетинин гимни коюлуп жаңы Туу имаратка  илинди. Ар бир топто тарбиялык сааттар өтүлдү. 1-кенже топ. Тарбиячы Апешова Майрамкүл.  Тема: “3-март Туу күнү. 2-кенже топ. Тарбиячы Сүйүнбек кызы Жаннат. Тема: […]
19.06.2024 11
            Кыргыздын улуу залкар жазуучусу Айтматов Чыңгыз Төрөкуловичтин 95 жылдыгына карата, тарбиячылар жогорку топтун тарбиялануучулары менен биргеликте, жазуучунун калемине таандык чыгармаларды сахналаштырып “Чыңгый Айтматов кылым адамы” аттуу адабий кече өткөрүлдү. Кеченин башында жазуучунун өмүр баяны жана чыгармалары жөнүндө кыскача видео слайд көрсөтүлдү. Андан кийин тарбиячылар менен тарбиялануучулар “Биринчи мугалим” чыгармасынан […]
20.04.2024 32
Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 259 токтомунун негизинде, райондун аймагында 4-декабрда “Манас эпосунун күнү” болуп белгиленген. Бул күндү белгилөөнүн максаты – Манас эпосун сактоо жана жайылтуу, өлкөдө Манас таанууну өнүктүрүү болуп саналат. Ушул каттын негизинде, Күнчубак мектепке чейинки билим берүү уюмунда, жалпы жамаат жана тарбиялануучулар менен биргеликте 4-декабрь Манас күнүн белгилеп, чакан иш чара өткөрүлдү. Ар […]
20.04.2024 134
Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  10.04.2012-жылдыгы №237 токтомун жана райондук мамлекеттик администрациясынын 20.09.2023-жылдагы № 278-б буйругун аткаруу максатында,            2023-жылдын 15-сентябрынан 16-октябрга чейин “Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана  камкордук” аттуу бир айлык акция өткөрүү боюнча, иш-чаралар түзүлүп […]
20.04.2024 140
               2023-жылдын 28-сентябрында  «Кыргыздын улуттук баалуулуктарына балдарды тарбиялоо» деген  темада райондук масштабда семинар болуп өттү. Семинарга билим берүү бөлүмүнөн Т. Какаева жана Ж. Жээналиева,  Тогуз-Торо районундагы жалпы мектепке чейинки билим беруу уюмдарынан тарбиячы, музыканттар келип катышышты.            Семинардын башында директор А. Абдыманбетова ачылыш жасап, бала […]
20.04.2024 30
2023-2024-окуу жылындагы 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө карата Күнчубак мектпеке чейинки билим берүү уюмунда ар бир топто тарбиялык, көрсөтмөлүү сабактар өтүлдү. 1-кенже топтун тарбиячысы Апешова Майрамкүл балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө карап “Улут болсоң наркыңды бил, унутпай ата салтыңды бил” деген темада улуттук бурч уюштуруп, кыргыздын буюмдары, оюндары менен тааныштырылды. 2-кенже топтун тарбиячысы Сүйүнбек кызы Жаннат […]
19.04.2024 44
1 / 212