Бала бакчанын тарыхы
Эмблема
Жалал-Абад областынын, Тогуз-Торо районунун, Казарман айылындагы Кунчубак мектепке чейинки билим берүү уюму.
- Бакча жөнүндө жалпы маалымат. (жайгашкан айыл өкмөтү, айылы, почталык дареги, статусу, окутуу тили)
Күнчубак мектепке чейинки билим берүү уюму Казарман айылынын Каргалык айыл аймагынын Атантай-Тайлак атындагы Нуржайык кичи районунун № 28 жайгашкан. Почталык индекс 721500. Окутуу мамлекеттик тилде. Эл почта kunchubak1985@mail.ru
- Тарбиячылар жөнүндө маалымат: (жалпы, билимдери, сыйлыктары, наамдары, жаңы келген адистер)
Азыркы убакта 10 тарбиячы, 1 музыкант эмгектенет. Булардын ичинен 6 жогорку, 1 бакалавр, 4 атайын орто билимдүү.
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги — 3, Кыргыз Республикасынын билим берүү министрликтин “Ардак грамотасы” менен сыйланган — 6 тарбиячы.
Тейлөөчү кызматкерлерден 1 мед айым, 6 жардамчы тарбиячы, 3 ашпозчу, 1 чарба башчы, 1 кир жуугуч, 1 электрик, 1 жардамчы жумушчу, 2 кароолчу, 1 пол жуугуч эмгектенет.
- Балдар жөнүндө маалымат: (Жалпы балдардын саны)
Жалпы беш тайпада балдардын саны — 175. Наристе топто 30, 1-кенже топто 35, 2-кенже топто 37, ортонку топто 37, жогорку топто 36 бала тарбияланууда.
- Материалдык – техникалык база: (качан курулган, типтүүлүгү, кабаттуулугу, проект боюнча канча балага ылайыкталган, иш жүзүндө канча бала тарбияланат, жылытуу системасы).
Бала бакча 1985-жылы курулган 6 тайпага ылайыкталган, типтүү, 2 (эки) кабаттан турат, учурда 5 тайпа бакчанын карамагында. 1 жетекчинин бөлмөсү, 5 тайпа, 1 музыкалык зал, 1 усулкана, 1 мед бөлмө, 1 кир жуучу бөлмө, 1 профсоюздун бөлмөсү, 1 кароолчу бөлмөсү, ашкана жана азык түлүк сактоочу бөлмөсү менен. Бакча 175 балага ылайыкталган, бүгүнкү күндө 175 бала тарбияланат. Жылытуу системасы электро энергия менен.
- Түзүлгөн шарттар: (музыкалык зал, спорт аянча, таза ичүүчү суу, компьютер, видео көзөмөл)
Бакчада музыкалык зал жана балдар ойноочу спорт аянча бар. Таза ичүүчү суу бар. Жалпы 2 компьютер, 1 жөнөкөй, 1 түстүү принтер бар. 6 видео көзөмөл бар жана интернет чубалгылары туташтырылган. Жогорудагы IТ тех каражаттар толугу менен оң абалында.
На этой странице возможно добавить:
- Текст
- Фото / Видео / Документы
- Таблицы
- Списки
- Ссылки
- Разные цвета