1-июнь-Эл аралык балдары коргоо күнү!
Күнчубак мектепке чейинки билим берүү уюмунда, 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата, 30-майда жогорку топтун тарбиялануучуларынын, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын камтыган “Биз шамдагайбыз” аттуу спорттук эстафеталык мелдеш оюндары, 31-майда, 1-июнь — Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата, “Кош бол бакчам” аттуу майрамдык салтанат болду. Бул майрамдык иш-чарада, ата-энелерге балдар өз өнөрлөрүн көрсөтүп, ыр, бийлерин тартуулашты. Анын ичинде жалпы тарбиячылар тарабынан театрлаштырылган жомок коюлуп берилди.
Күнчубак мектепке чейинки билим берүү уюмунун администрациясы жана тарбиячылары тарабынан, ата-энелерге жана бакчаны бүтүрүп жаткан бүтүрүүчүлөргө ыраазычылык каттар, сыйлоо баракчалары тапшырылды.
Ал эми Жээнтай Кыдыров атындагы эс алуу паркында 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү.
Иш-чарага Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, акимдин орун басарлары, Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Зууракан Акунова, райондун тургундары жана жеткинчектер катышышып, балдарды майрамы менен куттукиап өтүштү.
Райондогу бала бакчаларга «Макмал Голд Компани» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан мектепте чейинки билим берүүчү уюмдарга керектелүүчү материалдык-техникалык буюмдар таратылды.
Иш-чаранын жыйынтыгында майрамга келген бардык балдарга акимдин жана Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан балмуздактар таратылды.
Урматтуу ата-энелер, сүйүктүү балдар, 1-Июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү кут болсун!
Балдар – биздин бактыбыз, келечегибиз, жашообуздун жарыгы жана маңызы. Ар бир бала мээримге бөлөнүп, бактылуу балалыкта, татыктуу жашоодо чоңойууга укуктуу.
Дени сак, адептүү, акылдуу, билимге умтулган балдарды тарбиялоо үчүн мамлекет, ата-энелер, жалпы эле чоңдор аларды зордук-зомбулуктан, турмуштун суугунан коргоп, мээрим төгүп, туура жол көрсөтүп тарбиялашыбыз керек. Келечек ээлерин коргоп алуу – биздин милдетибиз.
Кымбаттуу кичинекей мекендештер!
Баарыңарга бактылуу балалык, бекем ден соолук жана жаркын келечек каалайбыз. Алдыга койгон максаттарыӊар, таттуу кыялдарыӊар орундалсын!
Комментарии