Квалификацияны жогорулатуу курсу
2024-жылдын 3-июндан КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө» долбоорунун алкагында уюштурулган МЧББУнын педагогикалык кесиптик компетенцияларын жогорулатуу боюнча тренинг болуп өттү. Тренингдин 1-группасы 3-7-июнга чейин, Келечек мектепке чейинки билим берүү уюмунда, ал эми 2-группа 10-14-июнга чейин Күнчубак мектепке чейинки билим берүү уюмдарында болуп өттү.
5 күндүк офлайн жандуу окуусу мыкты денгээлде болду. Бул окууда райондун 14 бала бакчасынын жетекчилери жана тарбиячылары окутулду. Окуу долбоордун негизинде Улуттук банктын каржылоосу менен өткөрүлдү. Долбоорду жетектеген тренер Жыргал Аманбаевнага окууну жогорку деңгээлде уюштуруп өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Комментарии