Кыргыздын улуу залкар жазуучусу Айтматов Чыңгыз Төрөкуловичтин 95 жылдыгына карата эскерүү.
Кыргыздын улуу залкар жазуучусу Айтматов Чыңгыз Төрөкуловичтин 95 жылдыгына карата, тарбиячылар жогорку топтун тарбиялануучулары менен биргеликте, жазуучунун калемине таандык чыгармаларды сахналаштырып “Чыңгый Айтматов кылым адамы” аттуу адабий кече өткөрүлдү.
- Кеченин башында жазуучунун өмүр баяны жана чыгармалары жөнүндө кыскача видео слайд көрсөтүлдү.
- Андан кийин тарбиячылар менен тарбиялануучулар “Биринчи мугалим” чыгармасынан үзүндү көрсөтүп беришти.
- Кеченин акырында жогорку топтун тарбиялануучулары залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун учкул кептерин жана чыгармаларынан бир элес көрсөтүштү.
Мындан сырткары жазуучунун чыгармалары чагылдырылган бурч уюштурулуп, ар бир тайпаларда Чыңгыз Айтматов жөнүндө көрсөтмөлүү сабактар өтүлдү.
Комментарии