«1-октябрь Улгайган адамдардын күнү»
Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.04.2012-жылдыгы №237 токтомун жана райондук мамлекеттик администрациясынын 20.09.2023-жылдагы № 278-б буйругун аткаруу максатында, 2023-жылдын 15-сентябрынан 16-октябрга чейин “Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук” аттуу бир айлык акция өткөрүү боюнча, иш-чаралар түзүлүп бекитилди.
Иш чаранын негизинде Күнчубак мектепке чейинки билим берүү уюмунда иштеп, пенсияга чыгып кеткен ардагер эжекелер Р. Өмүралиева, Г. Жумалиева, А. Сатыбалдиева, З. Ибраимова жана иштеп жаткан жумушчу-кызматкер М. Сатарова жана З. Турдукееваларга жогорку жана ортонку топтун тарбиялануучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа коюлуп жана ортонку топтун тарбиячысы А. Ташматова “Карысы бардын ырысы бар” деген темада тарбиялык сабак өтүп берди.
Жалпы жамааттын атынан ардагер эжекелерге майрамдык белектер берилип, сый-урмат көрсөтүлдү.
Комментарии