23-сентябрь кыргыз тил күнү бала бакчада.
2023-2024-окуу жылындагы 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө карата Күнчубак мектпеке чейинки билим берүү уюмунда ар бир топто тарбиялык, көрсөтмөлүү сабактар өтүлдү.
1-кенже топтун тарбиячысы Апешова Майрамкүл балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө карап “Улут болсоң наркыңды бил, унутпай ата салтыңды бил” деген темада улуттук бурч уюштуруп, кыргыздын буюмдары, оюндары менен тааныштырылды.
2-кенже топтун тарбиячысы Сүйүнбек кызы Жаннат “Эне тилин болбосо, аты аталбайт улуттун” деген темада тарбиялык сааат өтүп, балдарды кыргыз тил гимни менен тааныштырып, кыргыз мамлекетинин символикалары болгон туусу жана желеги тууралуу кеңири түшүнүк берди.
Орто топтун тарбиячысы Ташматова Акылай “Кыргыз тилим кымбатым” деген темада көрсөтмөлүү сабак өтүп, балдарды макал-лакаптар, кыргыз тил жөнүндо ыр саптар, үрп-адаттар, улуттук оюндар менен тааныштырды.
Жогорку топтун тарбиячысы Токтобек кызы Ноорузгүл “Кыргыз тилим, дилим менин” аттуу чакан утренник өткөрүлдү. Балдар кыргыз тил жөнүндө макал-лакаптарды, ыр саптарын айтышты. Улуттук оюн аркан тартыш оюну ойнотулуп, утренниктин аягында жалпы тарбиячылар менен Кыргыз тил гимни ырдалды.
Педагогикалык жамаат кыргыз тилин даңазалаган ыр саптарынан көркөм айтышып ыр кербен уюштурушту.
Комментарии