2023-жылдын 28-сентябрында «Кыргыздын улуттук баалуулуктарына балдарды тарбиялоо» деген темада райондук масштабда семинар болуп өттү.
2023-жылдын 28-сентябрында «Кыргыздын улуттук баалуулуктарына балдарды тарбиялоо» деген темада райондук масштабда семинар болуп өттү. Семинарга билим берүү бөлүмүнөн Т. Какаева жана Ж. Жээналиева, Тогуз-Торо районундагы жалпы мектепке чейинки билим беруу уюмдарынан тарбиячы, музыканттар келип катышышты.
Семинардын башында директор А. Абдыманбетова ачылыш жасап, бала бакчанын турмушу жөнүндө слайд менен көрсөтүп берди. Семинарда темага ылайык Улуттук баалуулуктар тууралуу жасалгалоолор жана сабактар өтүлдү.
Жогорку топтун тарбиячысы Токтобек кызы Ноорузгүл айлана-чөйрө менен тааныштыруу сабагынан, өзүбүздүн кичи мекенибиз Тогуз-Торо районунун баалуулуктары болгон Саймалуу-Таш, эстокадалык көпүрө жана Жылаңач Бугу тоосу жөнүндө, «Биздин айылдын баалуулуктары» деген темада саякат сабак өттү. Сабакта балдарды Саймалуу-Таш улуттук паркындагы петроглифтерине саякат жасатып, алардын келип чыгышы жөнүндө кыскача түшүнүк берип, балдарга таштын бетине сүрөттөрдү тарттырып, андан сырткары кыргыз элинин улуттук боз үйүнө токтолуп, анын ички жана сырткы жасалышы, уук, кереге, түндүк, кийиз жөнүндө түшүнүк берип, ата-эне Чолпонкулова Сүйүн эженин катышуусу менен балдарга шырдактын жасалышы жөнүндө түшүндүрүп, көрсөтүп берди.
Ортонку топтун тарбиячысы Сүйүнбек кызы Салтанат сөз өстүрүү сабагынан, “Кыргыз элинин улуттук буюмдары” темасындагы сабакты кыргыз элининин унутта калып бара жаткан буюмдары менен тааныштыруу үчүн балдарды музейге саякатка алып барып, ата-бабаларыбыз колдонуп келген буюмдар менен тааныштырып, сабактын экинчи бөлүгүндө балдар, көргөн нерселерин кайра өз колдору менен жасап, сүрөтөрдү боеп, кагаздарды кесишти.
Музыка жетекчи Жапаркулова Алима жогорку топтун тарбиялануучуларына “Кылым карыткан кыргыз аспаптары” атту сабак өттү. Сабакта, балдарды, кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары менен тааныштырып, комуз жөнүндө уламыш угузуп, комуздун келип чыгышы жөнүндө түшүнүк берди. Ар бир аспапка кеңири токтолуп, үндөрү менен таныштырып угузду. Семинардын темасына ылайык кыргыз бий, ыр, оркестр аралаштырып жогорку денгээлде сабак өттү.
Андан сырткары тарбиячылар тарабынан баланы бешикке салуу салты көрсөтүлдү. Тайпанын ички жасалгалары жаңыртылып, жаңы “Манас таануу” борбору, “Балдардын өнүгүү картасы” жана “Ата-энелер мектебинин” борборлору уюштурулду.
Семинардын аягында жалпы катышуучулар тарабынан жакшы ой пикирлер айтылып, жогорку деңгээлде деген жыйынтык чыгарылды.
Комментарии